Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык бүгүн Чыңгыз Айдарбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдогон. Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.
Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.
2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.
2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келе жаткан.
Чыңгыз Айдарбеков эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору. (RK)