Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Футбол талаасында каза болгон баланын өлүмү боюнча сот башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте футбол аянтындагы он бир жаштагы баланын өлүмү боюнча сот башталат. Он бир жаштагы Алан Айсаевдин өлүмүнө байланышкан ишти Ленин райондук соту карайт.

Бул тууралуу маркумдун энеси Нестан Исабекова билдирди. Окуя быйыл 13-июнда баш калаадагы футбол аянтчаларынын биринде болгон.

Футбол ойноп жүргөн Алан Айсаевди жана башка жаш балдарды экинчи дарбазада ойноп жаткандар чогуу ойноого чакырган.

Дарбазада турган Айсаевге катуу тебилген топ келип тийгенде кулаган дарбазанын темири басып калып, каза болгон. Уулунан айрылган үй-бүлө милициянын "дарбаза катуу шамалдан кулады" деген баштапкы маалыматына нааразы болуп, окуя боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган жана балдарды футбол ойноого тарткандарды жана топту күч менен катуу тепкендерди таап, жазалоону суранган.

XS
SM
MD
LG