Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Керчтеги окуяда жабыркаган он киши реанимацияда


Керч шаары. 17-октябрь, 2018-жыл.
Керч шаары. 17-октябрь, 2018-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч шаарындагы политехникалык коллеждеги ок атуу менен жардыруудан жарадар болгон беш киши комада.

Реанимацияда жалпысынан 10 киши жатканын "Россия 24" телеканалына Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова кабарлады.

Керч шаарындагы политехникалык коллеждин имаратында 17-октябрда жарылуу жана ок атуу болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, арасында окуу жайынын мугалимдери да бар.

Мындан сырткары дагы 50дөй адам жарадар болгону аныкталды.

Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач политехникалык коллеждин кафетерийинде колго жасалган жардыруучу зат жарылганын кабарлаган.

Бийлик бул окуяны азыр башында мүнөздөлгөндөй Кылмыш-жаза кодексинин “Теракт” эмес, “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча иликтеп жатат.

Анткени окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы да белгилүү болду. Кылмышка шектүүнүн аты политехникалык коллеждин төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков экени айтылды.

XS
SM
MD
LG