Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Шаардык сот Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды


Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап жатат.
Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап жатат.

Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасы каралды. Буга чейин адвокаттар Биринчи май райондук сотунун аны 5-декабрга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылышкан.

Бүгүнкү соттук жараяндын жүрүшүндө Сапар Исаковдун адвокаттары ишти караган шаардык соттун Нурбек Эсеналиев төрагалык кылган коллегиясын алмаштырууну өтүнүштү. Бирок алардын өтүнүчү канааттандырылган жок.

Жараянда Сапар Исаковду жубайы менен көрүштүрүүгө уруксат берилген жок. Мындай чечим мурдагы премьердин сотко катышып жаткан тарапкерлерин нааразы кылды.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. (KE)

XS
SM
MD
LG