Зардалы айылына “Ден соолук кербени” барат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди. Ал Саламаттык сактоо министрлиги аба ырайынын шартына жараша аталган айылга дарыгерлерди жөнөтүп, элдин саламаттыгын текшерүүгө убада бергенин айтты.
Бир ай мурда депутат бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Зардалыга барып, элдин жашоосун өз көзү менен көрүп келүүгө чакырган болчу.
Зардалы Баткендин тоолуу аймагында жайгашкан. Ал Кыргызстандагы жолу эң татаал, жашоо шарты оор айыл катары белгилүү. Айылда миңге жакын адам жашайт.
Жакында айылда ФАПтын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул долбоор Кыргызстандагы Швейцария элчилигинин колдоосу менен ишке ашты. (RK)