Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Момбеков: “Коопсуз шаар” үчүн жооптуу кишинин тогуз кылмыш иши бар


Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал “Коопсуз шаар” долбоору үчүн жооптуу адам бир нече кылмыш ишине тиешеси бар экенин айтып чыкты:

- Мекеменин башчысын ушул жерге премьер-министр алып келгенде: “Беш кылмыш иши бар кишини ушул жерге дайындап жатасыз. Кооптуу кызматка жооптуу эмес адамды дайындап жатасыз” деп айттым эле. Ошондо өкмөт башчы: “Жок, бул ушак” деген. Мен азыр маалымат алдым – Бакыт Шаршембиевдин тогуз кылмыш иши бар экен. Жакында өкмөт башчыга да, өлкө башчыга да ошол козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берем.

Жолдогу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү тууралуу кыргыз өкмөтү убада берип келатканына 5-6 жыл болуп калды. Аны ишке ашыра турган инвесторду тандоо боюнча 6-7 жолу сынак өткөрүлүп, баары тең үзгүлтүккө учураган.

Депутат Момбековдун бүгүнкү айыптоосуна Шаршембиев азырынча жооп бере элек.

Бирок 22-августта “Азаттыкка” маек курганда Шаршембиев санарипке өтүү долбооруна байланыштуу эки кылмыш иши ачылганын ырастаган, бирок “козголгон иштеринин мага тиешеси жок, мен күбө катары өтүп жатам. Түзмө-түз тиешем жок” деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG