"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өтүүдө. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңеши негиздеген. Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому маркумдун жакындарына тапшырылды.
Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген.
"Чеч-Дөбө" кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү кирген.
Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Жасаган эмгектери эске алынып, Эгизбаевге көз жумгандан кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда ата-энесине тапшырды. (BkA)