Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда кайра тинтүү жүргүзүлдү


Жамал Хашогги.
Жамал Хашогги.

Түрк полициясы 18-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда экинчи ирет тинтүү жүргүздү. Тергөөчүлөр 2-октябрда консулдукка кирген бойдон дайынсыз болуп жаткан саудиялык журналист Жамал Хашоггинин жоголушун иликтеп жатышат. Шаршембиде Түркиянын өкмөтчүл гезиттери "Хашоггини Саудиядан келген баш кесерлер өлтүрүшкөн, денеси мүчөлөнгөн" деп жазышкан.

Тергөөчүлөр дипмиссияга таандык машинелерди, консулдуктун имаратынын айланасындагы бакты тинтип чыгышты. Бир нече күн мурун болгон тинтүү маалында ДНК жана башка үлгүлөр алынган.

Бейшембиде консулдун резиденциясында да тинтүү жүргүзүлдү. Консул Мухаммад ал-Отаиби өзү 16-октябрда Түркиядан учуп кеткен.

17-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Хашоггинин маселесин талкуулаган. Комшо Штаттардын президенти Дональд Трамп Помпеодон толук отчет күтүп жатканын билдирди.

Хашогги бир жылдай убакыттан бери Америкада жашап жүргөн. Ал “The Washington Post” гезитине макалаларды жазчу. Анда ал Сауд Арабиясынын падышалыгын сындап, реформа керек экенин айтып келген.

XS
SM
MD
LG