Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

Парламент Улуттук банктын “Росинбанк” боюнча чечимине кызыгууда


Жогорку Кеңеш Улуттук банктан “Росинбанк” боюнча чечими тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков бул маселени айрым депутаттар көтөрүп жатканын белгилеп, тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлөрүн айтты.

Берилген насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу "Росинбанктын" күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өткөнү жакында расмий маалым болду. Мекеме бул коммерциялык банкты башкарууну толук өзүнө алып, анын менежментин өзгөртүп, бизнес-стратегиясын иштеп чыгып жатканын билдирди.

Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналган "Азия Универсал банк" 2010-жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, "Залкар Банк" болуп кайра түзүлүп, кийин анын 90 пайыз акциясын орусиялык "Инвестторгбанк" сатып алып, "Росинбанк" ачылган. "Инвестторгбанктын" жетекчилиги арам акчаны адалдоого байланыштуу шектелип, кылмыш иши козголгон.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Дастанбек Бекешов Кыргызстандын Улуттук банкынын коммерциялык банктарды алуу укугу жок экенин белгилеп, жараяндын ачык болушу керектигин талап кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG