Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Ошто эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өтүп жатат


Мелдештин катышуучулары.
Мелдештин катышуучулары.

Ош шаарындагы “Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед Абитов менен Мухаммед Абитовдун жаркын элесине арналган VII эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Мелдеште Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Орусиядан келген 400гө жакын спортчу 14 салмактык категорияда күч сынашууда.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин медалдары, дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланат.

Мелдеш бүгүн 18-октябрда жыйынтыкталат. (MdN)

XS
SM
MD
LG