Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Ош Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө камынып жатат


Ош шаары.
Ош шаары.

Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" аттуу маданий иш-чарага даярдык көрүлө баштады.

Анда көркөм сүрөт, айкелчилик, графика көргөзмөлөрү болот. Боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен кошо айыл чарба жармаңкеси өткөрүлөт.

Ош улуттук драма театрында Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий конференциялар, ал эми облустук ат майданда улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өтөт.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов бала кезинде Ош шаарында жашаган. Анын жашаган үйү музейге айландырылган.

90 жылдыкка арналган мааракелик иш-чаралар Оштун борбордук аянтында 2-3-ноябрь күндөрү өтөт. (MdN)

XS
SM
MD
LG