Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:00

"Байкоңурдагы" кырсыкты иликтеген комиссия апта соңунда отчет берет


Космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг.
Космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг.

«Союз-ФГ» ракета ташуучусунун авариясын иликтеген адистер кырсыкка "Байкоңур" космодромунда монтаж учурунда кетирилген ката себеп болгон деп эсептешет.

Бул тууралуу Коргоо министрлигине жакын булактарга таянып "Коммерсантъ" гезити жазды. 11-октябрда ракета ташуучу «Союз МС-10» космос кемесин орбитага жеткире албай калган. Бортундагы космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг эвакуцияланганга үлгүрүп, Жерге конушкан. Авариянын себептери иликтенгиче Эл аралык космос станциясына бардык пилоттолгон учуу токтотулду.

Гезитке интервью берген булак «эч кандай конструктордук мандем жок болчу, сыягы ракетаны кран менен көтөрүп жатышканда бир жерин бузуп алышкан» деп айтты.

Комиссиянын расмий отчету апта соңунда даяр болушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG