Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Грекиянын өкмөт башчысы Македония менен келишимди коргоорун билдирди


Македониянын аталышына байланыштуу Грекиядагы нааразылык акцияларынын бири. 4-февраль, 2018-жыл.
Македониянын аталышына байланыштуу Грекиядагы нааразылык акцияларынын бири. 4-февраль, 2018-жыл.

Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас Македониянын аталышы боюнча Скопье менен түзүлгөн келишимди “коргой тургандыгын” билдирди. Макулдашуу грек өкмөтүнүн ыркын кетирип, документтин үстүнөн иштеген тышкы иштер министри 17-октябрда кызматтан кетти.

Июнда кол коюлган келишимге ылайык, мурдагы Югославиянын курамында болгон өлкө өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөртмөкчү. Эки тарапта тең жаңы келишимге каршы болгондор көп.

Грекиянын бир бөлүгү да Македония деп аталгандыктан, Скопье менен Афины бул аталышты көп жылдардан бери талашып келишкен. Бул маселе Македониянын НАТО менен Еврошаркетке киришине да кедергесин тийгизүүдө. Грекия эки уюмга тең мүчө болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG