19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 3....8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -1...-6 градус боло.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус.