Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Депутат президенттик учакты чет өлкөдөн сурап болсо да жаңылоону сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев президентти ташыган учакты башкалардан белек катары сураса да жаңылап бериш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Тиллаев жакында расмий делегациянын курамында президент Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстанга учканда башка мамлекеттердин №1 бортун көрүп уялганын, бюджетте акча жок экенин түшүнүп жатканын, бирок өнөктөш бай мамлекеттер менен учакты жаңылоо иштери жүрүшү керек экенин транспорт жана жолдор министрине айтты:

- Мисалы, ошол "Ту" учагын, менин билишимче, Орусия белек катары берген. Эми араб мамлекети бар, Кытай бар. Достук катары ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жоксуңарбы? Ал киши жөнөкөй жарандар менен учса биз сүйүнбөшүбүз керек. Мамлекеттин туруктуулугун, коопсуздугун ойлонушубуз керек, биринчи кезекте. Мен депутат катары талап кылат элем, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөңүздөр.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мамлекет башчысын ташыган Ту-154 учагы 1993-жылы жасалганын, азырынча уча турган ресурсу бар экенин айтты. Бирок ал КМШ мамлекеттеринин арасынан Кыргызстанда гана президенттин учагы эски экенин моюнга алып, жаңысын алууга каражат жок болуп жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG