Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Шарапов: Убакытты бир саат артка жылдырыш керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мурдагыдай “кышкы убакытка” өтүп, саат жебесин 1 саат артка жылдырганы туура болот. Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Закир Шарапов 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында ушундай сунуш киргизди.

Депутат буга бала бакчага жана мектепке таңкы саат 7де барган балдардын уйкусу канбай, психикасы бузулуп жатканын жана жолдо автокырсыктар көп болуп жатканын жүйө келтирди:

- Бала бакчада тамак ичкенге, ойногонго көңүлү келбестен, балдар психикалык жактан жабыр тартып калып жатат. Мектепке барган балдар деле ошол. Жол кырсыктарына да сааттын таасири тиет окшойт. Адам шашканда, бир жакка жетишпей жатканда нерви козголуп, авариялык абалга дуушар болуп жаткандай.

Депутат Шарапов саатты жылдыруу тууралуу сунушун өкмөткө жөнөткөнүн билдирди.

Совет учурунда саат жебеси күндүн узарышына жана кыскарышына жараша жылына эки жолу – жазында 1 саат алдыга, күзүндө 1 саат артка жылдырылчу. Кыргызстан мындай эрежеден 2005-жылы баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG