Ооган баш калаасына жакын жерде НАТОнун кербенин бутага алган кол салуу болду.
Ооганстандын бийлиги жана НАТОнун өкүлдөрү билдиришкендей, кеминде эки карапайым киши курман болуп, коалициянын бир нече жоокери жараланды.
"Талибандын" басма сөз катчысы Забихулла Мухажид жанкечти дүрмөттөлгөн машинеси менен кербенди сүзгөнүн айтты.
Парван провинциясынын расмий өкүлү кол салуу шаршембинин кечинде Кабулга 40 чакырым жакын жердеги Баграм чөлкөмүндө болгонун билдирди. Ал жакта АКШнын аскердик базасы орун алган.
НАТОнун басма сөз катчысы Дебра Ричардсон үч жоокер жарадар болгонун айтуу менен чектелди. Ал эми Чехиянын Коргоо министрлиги өз тарабынан беш жоокер жабыркаганын билдирди. 5-августта Парван чөлкөмүндө талиб согушкеринин жардыруусунан чехиялык үч жоокер өлгөн.