Керч политехникалык коллежиндеги кол салууда жарадар болгон дагы бир киши көз жумду. Курман болгондордун саны эми 21 кишиге жетти. Бул тууралуу шаардын администрациясы билдирди. Бардык маркумдардын тек-жайы аныкталды.
Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын өкмөтү жарыялаган тизмеде өлгөндөрдүн арасында 15 окуучу, анын ичинде кол салган жигит да бар. Акыркы маалыматтарга караганда, 70тен көп киши жабыркады.
17-октябрда окуу жайдын студенти, 18 жаштагы Владислав Росляков аңчылык мылтыктан туш келди ок атып, колго жасалган жардыруучу түзмөкттү иштетип жиберген. Андан кийин өз өмүрүн кыйган.
Президент Владимир Путин Валдай клубунун жыйынында ал окуяны дүйнөлөшүүнүн (глобализациянын) кесепети деп эсептей турганын айтты:
- Социалдык тармактарда, Интернетте өзүнчө жамааттар уюшулуп жатканын көрүүдөбүз. Бардыгы АКШда, ал жактардагы мектептерде болгон трагедиялуу окуялардан башталган.
Орус бийлиги адегенде “Теракт” беренеси менен иш козгоп, кийин ал “Киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн. Крымда 3 күндүк аза күтүү, Керчте өзгөчө кырдаал жарыяланды.