Казакстандын борбору Астанада «сероздук менингит» дарты менен сегиз окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар шаардын коомдун саламаттыгын коргоо департаментинин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Расмий маалыматтарга караганда, жыл башынан бери Астанада 196 адамга вирустук менингит дарт белгиси коюлса, алардын 85ин мектеп окуучулары түзгөн.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, республика боюнча менингококк инфекциясынан адам өмүрү кыйылган 14 учур катталган.