Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Жогорку сот Илмияновго сырттан айып коюлганын ырастады


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сырттан айып коюлганын Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Бирок мекеме Илмияновго карата кайсы берене менен айып коюлганын билдире элек.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарып, УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Ага ылайык, Илмияновго сырттан айып тагылган, ал "УКМКнын тергөө абагына камакка алынсын" деген чечим чыккан. Анда Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы жазылган эмес.

"Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмияновдун азыр кайда экени белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG