Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Жогорку Кеңеште Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Жогорку Кеңеште залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Иш-чарага окумуштуулар, академиктер, адабиятчылар, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, азыркы парламенттин депутаттары катышууда.

Конференцияда Айтматовдун чыгармачылыгын баяндаган даректүү тасма көрсөтүлдү. Мындан соң иш-чаранын катышуучулары Айтматовдун чыгармачылыгы, коомдук жана дипломатиялык ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасашууда.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Быйыл жазуучунун мааракесине арналган ар кыл иш-чаралар бир нече өлкөдө өтүп жатат. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG