Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Кандагарда шайлоо бир жумага жылдырылды


Кандагар. 18-октябрь, 2018-жыл.
Кандагар. 18-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы 20-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо аймактын полиция башчысынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу бир жумага жылдырылды.

Бул тууралуу ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды. Маалыматты Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын басма сөз өкүлү Хазифулла Хашими да "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастады.

- Коопсуздук кеңеши шайлоо мыйзамынын 104-беренесине ылайык, Кандагар провинциясындагы парламенттик шайлоону бир аптага жылдырууну чечти, - деди ал.

18-октябрда АКШ менен Ооганстандын коопсуздук органдарынын өкүлдөрүнүн жыйынында атышуу башталган. Генерал Абдул Разакты өзүнүн эле жансакчысы атып өлтүргөн. Жыйынга катышкан
АКШнын Ооганстандагы жогорку командачыларынын бири генерал Скот Миллер жабыркан эмес. Атышуу маалында ошондой эле жергиликтүү чалгын кызматынын башчысы да курман болуп, провинция губернатору катуу жараланган. Андан тышкары, эки америкалык жаран жарадар болуп, жергиликтүү медианын кабарчысы өлтүрүлгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти дароо "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды.

Генерал Разыкка буга чейин да талибдер бир нече жолу кол салышкан. Ал Кандагардын полициясын 2011-жылдан тартып жетектеп келген жана талибдерге катуу туруштук берип келатканы менен белгилүү болчу.

XS
SM
MD
LG