Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Тогуз-Торо: ашууда калган чабандарды куткаруу аракети башталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тогуз-Тородогу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын улам Сары-Кыр ашуусунда камалып калган беш чабанды куткаруу иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мал айдап кеткен чабандар ашуудан аша албай калышкан. Алар аман-эсен, тамак-ашы бар экенин телефон аркылуу жакындарына билдиришкен.

Бүгүн Тогуз-Торо районунун куткаруучулары үч авариялык куткаруу унаасы менен ашууга чыгып кетишти. Министрлик бул боюнча кошумча маалымат берилерин кабарлады. (Bka)

XS
SM
MD
LG