Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Алматыда экс-депутат Асылбек уулунун үстүнөн сот башталды


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Алматыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун үстүнөн сот жараяны башталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип “Азаттыктын” казак кызматы жазып чыкты.

Быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировду камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет" деп шек санаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG