Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

Караколдо "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйын өтүп жатат


Караколдогу "Атамбаевсиз КСДП" жыйыны
Караколдогу "Атамбаевсиз КСДП" жыйыны

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Атамбаевсиз КСДП" деген аталыштагы жыйын өтүүдө. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан Жакшылык Бердибек уулу "Азаттыкка" кабарлады.

150-200 кишини чогулткан жыйынга КСДП партиясынын Атамбаевди колдогон айрым мүчөлөрү катышууда. Бердибек уулунун айтымында, жыйынды КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул иш-чара КСДП партиясына тиешеси жок экендигин "Азаттыкка" билдирди:

- Бул КСДПнын расмий иш-чарасы эмес. Сагынбек Абдырахманов өткөрүп жаткан иш-чаралардын баары мыйзамсыз жана партиянын уставына туура келбейт. Ал аймактык конференцияларды өткөрдүм деп жатат. Анүчүн саясий кеңештин же координатордун макулдугу болушу керек. Абдрахманов бул оюнда кичинекей эле фигура. Анын артында башка чоң күчтөр турат.

Социал-демократтардын расмий өкүлү Сагынбек Абдрахманов КСДП партиясынан саясий кеңешинин чечими менен былтыр партиянын катарынан чыгарылганын кошумчалады.

Абдрахманов уюштурган ушундай эле жыйындар мурда да Кыргызстандын башка аймактарында өтүп келген. (KR)

XS
SM
MD
LG