Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Имамдар эрте никеге туруунун кесепеттери тууралуу маалымат алышууда


Тренингдин катышуучулары
Тренингдин катышуучулары

Бишкекте жети облустан келген диний лидерлер эрте никелешүүнүн кесепеттери тууралуу тренингге чогулду. Бул тууралуу иш-чарага катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Тренинг эрте никелешүүнүн алдын алуу боюнча маалымат компаниясына диний лидерлерди даярдоого багытталган. Андан өткөн эркек имамдар мечиттерде, медреселерде жана жума намаздарда калктын эркек катмары үчүн, ал эми аял лидерлер кыз окуучулар менен жолугушууларда жана тренингдерде эрте никелешүүнүн ден соолукка, билим алууга, кесип тандоого, үй-бүлөлүк турмуштун келечегине жана кыздардын коопсуздугуна тийгизе турган кесепеттери жөнүндө маалыматты жайылтат.

Тренинг Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашууда.

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстан боюнча ажырашуулардын 70% жаш үй-бүлөлөргө туура келет. (KR)

XS
SM
MD
LG