Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Санкт-Петербургда заводдогу жарылуудан кеминде эки киши каза тапты


Санкт-Петербургдан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан фейерверк чыгаруучу заводдогу жарылуу болду. Бул тууралуу Орусиянын бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Жардыруу Орусиянын экинчи эң ири шаарынын түштүгүндөгү "Авангард" заводунда болгон. Башында жарылуудан эки киши набыт болгону расмий кабарланган.

Бирок ТАСС маалымат агенттиги куткаруучулардын маалыматына таянып, дагы эки кишинин сөөгү табылганын жазып, жалпысынан төрт киши набыт болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG