Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Ооганстанда шайлоо учурундагы жардырууда 25 киши өлдү


Шайлоо бекетине жана өкмөттүк күчтөргө кол салуудан бери дегенде 25 киши набыт болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Ооган кызматы маалымдады.

Медициналык кызматтын өкүлдөрү Кабул аймагындагы бир нече жардыруудан кеминде үч киши өлүп, отуздан ашыгы жарадар болгонун маалымдашты. Гор борбордук провинциясында 11 полиция, Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын түндүгүндө үч киши каза болгон.

Ооган президенти Ашраф Гани кол салууларга карабай “бардык оогандар, жаштар, карылар, аял-эркектер добуш берүү укугуңарды пайдалангыла” деп элди үндөдү. Добуш берүүгө укуктуу 12 миллион адамдын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн, алардын 34% аялдар. Ооганстан парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышууда. Алардын 400дөн ашууну аялдар.

“Талибан” кыймылы жана өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун аймактагы өкүлдөрү шайлоого бойкот жарыялоого чакырышкан.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясы айрым шайлоо аймактарында добуш берүү бир күнгө узартылганын маалымдады. Себеби техникалык жана уюштуруу иштериндеги көйгөйлөрдөн улам 20-октябрда шайлоочулар добуш бере албай калышкан. BBC радиосу шайлоонун жыйынтыгы ноябрь айына чейин чыгарын жазды. (TSh)

XS
SM
MD
LG