Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

Лондондо Брексит боюнча дагы бир референдум өткөрүү талабы коюлду


20-октябрда Лондондо Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна каршы демонстрация өттү. Мындай көп сандагы адамдар катышкан акция акыркы он беш жылдан бери алгачкы жолу өтүп жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, демонстрацияга 600 миңдей киши катышты. Скотленд-Ярд (полиция) нааразычылык акциясына чыккандарды санай албай турган абалда экенин моюнга алды.

Манифестант топ Брексит боюнча экинчи референдум өткөрүүнү талап кылышты. Алар азыр абал өзгөргөнүн, Евробиримдиктен чыгууга добуш бергендер Британиянын азыркы бийлигинин тушуна дал келүүчү кесепеттери менен макул эместигин билдиришти.

Буга чейин британ премьер-министри Тереза Мэй бул маселе боюнча кайра референдум өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарган.

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылы жайында өткөн. Анда британдардын 52 пайызы Брекситти колдогон. Өлкөнүн биримдик курамынан чыгуусунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөр 2017-жылдын июнунан бери уланып келет.

Брекситтин шарттары боюнча Лондон менен Евробиримдиктин ортосундагы сүйлөшүүлөр быйыл ноябрда аяктайт. Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараяны 2019-жылы мартта башталып, 2020-жылдын соңуна чейин аякташы керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG