Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Акыйкатчы менен “Сезим” кризистик борбору кызматташат


Акыйкатчы институту менен “Сезим” кризистик борбору кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Макулдашуу документинин мөөнөтү беш жыл деп белгиленди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов аялдардын жана балдардын укугун коргоо жаатында иш алып барган кызматкерлер менен биргеликте “Сезим” кризистик борборуна барып, уюмдун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашкан.

Жолугушууда “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова адам укугун коргоодо мамлекеттик органдардан уюм Акыйкатчы институту менен тыгыз иштешип келгенин жана мындай тажрыйба улана берерин белгиледи.

“Сезим” кризистик борбору он жылдан ашык убакыттан бери үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдар менен балдардын укуктарын коргоп келет. Жылына бул уюмга ар кандай кырдаалда укугу бузулган ондогон кыз-келиндер кайрылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG