Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Миң-Кушта ишкер аялдарды даярдаган окуулар башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму миңкуштук аялдарга бизнес долбоорун даярдоо боюнча окууларды өткөрүп жатат. 20-октябрда башталган тренинг аялдардын тең укуктуулугун колдоо максатында уюштурулган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган уюмдун өкүлү Аида Байжуманова билдирди.

Семинарга жалпысынан жыйырмадай аял катышып, айыл жергесинде чакан бизнес ачуу жолдорун үйрөнүшөт. Натыйжада реалдуу бизнес идеясы бар аялдарга Германиянын Кыргызстандагы элчилиги иш баштоо үчүн баштапкы чыгымдарына чакан грант берет.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай семинарлар Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарында улантылат. Долбоор атайын уран калдыктары сакталган аймактарды колдоого багытталган. (MiK/TSh)

XS
SM
MD
LG