"Кыргызаэронавигациянын" башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийинки чатакта каза болду. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева “Азаттык” радиосуна ырастады.
Анын айтымында, 21-октябрда саат 20:30дар чамасында “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, айдоочулар мушташ кеткен. Жакыпбаевдин башы жерге катуу тийип, алган жараатынан улам ошол жерде жан берген.
Абдылдаева толугураак маалымат кошумча берилерин билдирди. (КЕ)