Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:05

Соттук-медициналык экспертизанын ишмердүүлүгү талкууланат


Бишкектеги өлүкканада өткөн кылымдагы шаймандар колдонулат.
Бишкектеги өлүкканада өткөн кылымдагы шаймандар колдонулат.

Бишкекте өкмөттүн демилгеси менен “Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө” токтом тегерек үстөлдө талкууланат. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы соттук-медициналык кызматты өкмөткө караштуу соттук-эксперттик кызматка кошуу демилгеси тууралуу сөз болот.

Бир катар эксперттер муну техникалык жактан чала иштелген кадам катары баалап келе жатышат жана ал коррупцияга жол ачат деген пикирде.

Буга чейин Коргоо кеңешинин жыйынында республикада бирдиктүү соттук-эксперттик орган түзүү, Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүн бириктирүү тууралуу чечим кабыл алынып, ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен былтыр жайында кызмат түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG