Армениянын борбору Ереван шаарында “Евразия жумалыгы” аттуу эл аралык көргөзмө-форум башталат. Эки күндүк иш-чарада Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) экономикасын заман шартына ылайыктоо жана интеграциялык биримдиктин экспорттук дараметин арттыруу маселеси талкууланат.
Мындан сырткары IT технология жана инженерия, фармацевтика жана медициналык жабдуу, жеңил өнөр жай, зергерчилик тармак менен курулуш материалдары боюнча пикир алмашуу болот. Ага кыргыз өкмөтүнүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков баштаган делегация катышат.
Кыргызстан ЕАЭБге кошулганына быйыл үч жыл болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер менен Кыргызстандын соодасы 1,5 миллиард долларды түздү.
Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,5 пайызга аз. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга арбып, импорт 6,2 пайызга азайган. (КЕ)