Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Пентагон Ооганстанда америкалык генерал жарадар болгонун ырастады


Генерал Жеффи Смайли.
Генерал Жеффи Смайли.

18-октябрда Кандагар провинциясындагы кол салууда генерал Жеффи Смайли жарадар болуп, эки ооган аткаминери өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Пентагон 21-октябрда маалымдады.

"Мен ал Кандагардагы кол салууда алган жараатынан айыгып жатканын ырастайм" деди НАТОнун чечкиндүү колдоо миссиясынын басма сөз катчысы Грант Ниле. Ал генерал Жеффи Смайли Кандагардагы госпиталда жатканын кошумчалады.

21-октябрда Ооганстандагы парламенттик шайлоонун алдында болгон кол салуу үчүн жоопкерчиликти талибдер моюнга алган. Жеффи Смайли жарадар болгон жыйынга НАТО күчтөрүнүн кол башчысы, америкалык генерал Скотт Миллер да катышкан. Окуядан ал эч кандай жаракат алган эмес.

XS
SM
MD
LG