Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Тайвандын президенти кырсыкта каза тапкандардын туугандары менен жолукту


Кырсыкка кабылган поезд.
Кырсыкка кабылган поезд.

Тайвандын президенти Цай Инвэнь дүйшөмбүдө поезд кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты.

21-октябрдын кечинде өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Илань провинциясында 366 жүргүнчү бараткан поезд рельстен чыгып кеткен. Бийликтин маалыматы боюнча 18 киши курман болуп, жарадарлардын саны 187ге жетти. Жабыркагандардын арасында АКШнын бир жараны бар.

Поезддеги сегиз вагондун төртөө оодарылып кеткен. Бул 1981-жылдан берки Тайвандагы ири поезд кырсыгы экени айтылууда. Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Поезддин айдоочусу учурда ооруканада. Дүйшөмбүдөн тартып Тайвандагы поезд каттамдары өз калыбында иштей баштады.

XS
SM
MD
LG