Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

КСДП: Атамбаевди кайтарган жансакчылар азайды

Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү салтанатында. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү салтанатында. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.  

Жолдубаева жансакчылар "бир топ эле кыскартылганын" айтып, андан башка маалымат берген жок.  

Экс-президенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды кайтаруу милдети жүктөлгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга азырынча комментарий бере элек. 

XS
SM
MD
LG