Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ашраф Гани: "Ооган шайлоочулары душманды жеңүү ниетин көргөздү"


Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышты. 
Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышты. 

Ооганстанда 21-октябрда аяктаган парламенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуу 9 миллион жарандын 4 миллионго жакыны катышты. Бул тууралуу көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын башчысы Абдул Бади Сайяттын сөзүнө таянуу менен “Азаттыктын” ооган кызматы билдирди.

Ооган президенти Ашраф Гани элге кайрылуусунда шайлоого жарандардын жандуу катышуусу алардын “шайлоочулардын күчү менен жоону жеңебиз" деген ынтаасын көрсөткөнүн белгиледи.

20-21-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда радикал исламчылар 200гө жакын чабуул коюшкан. Алардын кесепетинен 50 киши каза таап, 200дөн ашык адам жарадар болгон.

20-октябрдагы шайлоодо жүздөгөн добушканалар техникалык себептен же коопсуздуктан улам жабык болгондуктан добуш берүү 21-октябрда уланды.

Ооганстандын шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы 10-ноябрда белгилүү болорун, ал эми расмий жыйынтык декабрда чыгарыларын маалымдады.

Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышты. Талапкерлердин 400дөн ашууну аялдар болду.

XS
SM
MD
LG