Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Жээнбеков ТИМге бир катар милдеттерди койду


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, аны менен Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.

Мамлекет башчы анын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги расмий жана мамлекеттик иш сапарларынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү милдеттерин койду. Жээнбеков министрге инвестиция тартуу, өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештердин укуктары менен кызыкчылыгын коргоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин иш сапарларынын жүрүшүндө түзүлгөн ар бир келишим жана макулдашууларды ишке ашыруу жана илгерилетүү боюнча кылдат жумуш жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Өткөн аптада 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш бир добуштан колдогон. Президенттин жарлыгы менен 17-октябрда тышкы иштер министри болуп дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG