Косовонун жана Сербиянын жогорку кызмат адамдары серб улутундагы зыяратчылар бара жаткан автобуска кол салууну айыптады. Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар 21-октябрда Косовонун чыгышында Студеница кыштагындагы христиан кечилканасына эки автобус менен бараткан зыяратчыларга таш ыргыткан.
Косовонун президенти Хашим Тачи "адамдардын ары-бери жүрүү жана дин тутуу эркиндигин бузган аракеттерге жол берүүгө болбой турганын" айтып, полицияны күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.
Приштина менен Белграддын мамилеси 2008-жылы Косово провинциясы өз эгемендигин жарыялаган кезде бузулган.
Эки тарап 2013-жылы талашты Еврошаркеттин арачылыгы менен чечүүнү макулдашкан, бирок алардын араздашуусу толук токтой элек.