Бишкекте жакшы ата-эне болууга үйрөткөн ресурстук борбор иштей баштады. БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кабарлашкандай, борбор баланын үй-бүлөдөн ажырап калышына жол бербөө жана баланы тарбиялоодо кордук көрсөтүүчү ыкмалардын алдын алуу максатында иш алып барат.
Жакшы ата-эне болуу усулдарын жайылтуу ата-энелер үчүн, ошондой эле балдарды коргоо жаатындагы адистер үчүн уюштурулган тренингдер жана консультациялар аркылуу ишке ашат.
- ЮНИСЕФ балдарды зордук-зомбулуктан коргош үчүн жакшы ата-эне болуу маанилүү экенине жана бул багытта жумшалган инвестициялар маселени системалуу деңгээлде чечүүгө жол берет деп ишенет. Ресурстук борбор ата-энелерди балага кордук көрсөтпөй, зыян келтирбей тарбиялоо усулдарына үйрөтөт, - деди ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору Тед Чайбан.
22-октябрда борбордун ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана ЮНИСЕФтин программалар боюнча директору Тед Чайбан катышты.
Аталган борбор мэрия жана “SOS-кыштак Кыргызстан” менен биргелешип ачылды. Борбор Бишкек мэриясына караштуу балдарга жардам берүү борборунда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин методологиялык жетекчилиги алдында иш алып барат.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 23 миң 328 жетим бала бар жана 48 042 бала толук эмес үй-бүлөдө тарбияланат. 2014-жылдагы изилдөөлөрү боюнча, 1ден 14 жашка чейинки курактагы балдардын 11% - мигранттардын балдары. Ушул эле изилдөөгө ылайык, 14 жашка толо элек балдардын 57% зомбулук мүнөздөгү тарбиялоонун кайсы бир түрлөрүн көрүп өскөн. (КЕ)