Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:19

Путин Украинага экономикалык санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду


Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин "Украинанын кастык аракеттерине байланыштуу" атайын экономикалык чаралар тууралуу жарлык чыгарды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.

Жарлыкта кандай санкциялар киргизиле турганы айтылган эмес. Орус президенти өкмөттү санкциялык чараларды иштеп чыгууга милдеттендирген. Путин ошондой эле өкмөткө "экономикалык атайын чаралар киргизиле турган жеке жана юридикалык тараптарды аныктоону" тапшырган.

Жарлыкта "эгер Украина орус жарандарына каршы киргизилген бардык чектөөлөрдү алса, санкциялар жокко чыгарылышы мүмкүн экени да" белгиленген.

Крым жарым аралын каратып алганы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жикчилдерди колдогону үчүн Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги менен катар эле Киев да орусиялык ишкерлерге, компанияларга жана башка субъектерге санкция киргизген. Путин да Орусияга санкция киргизген өлкөлөргө карата жооп чара көрүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG