Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Бишкекте саясий-коомдук күчтөрдүн курултайы өтөт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Курултай 24-ноябрга белгиленгенин иш-чараны уюштуруу боюнча демилгечи топтун өкүлү Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 22-октябрда Бишкекте бир нече саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү кеңешип, курултай өткөрүүнү макулдашты.

"Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" аттуу курултайда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууга алынат.

"Жаңы бийликтин ийгиликтерине да, кемчиликтерине да баарыбыз чогуу күбө болуудабыз. Өлкөдө жеткиликтүү деңгээлде сөз жана эркин жыйын өткөрүү эркиндиги пайда болду. Ошону менен бирге өлкө экономикалык кыйынчылыка, саясий карама-каршылыктарга багыт алгандай. Ушул маселелерди талкуулоо максатында курултай өткөрүлөт" деп жазылган демилгечи топ тараткан маалыматта.

Жыйындын күн тартиби жана катышуучулардын курамы жакын арада жарыялана турганы айтылды. Демилгечи топтун курамында саясатчылар Равшан Жээнбеков, Элмира Ибраимова, жарандык активисттер Рита Карасартова, Адил Турдукулов жана башкалар бар. (NT)

XS
SM
MD
LG