Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бишкек архитектура ишканасы мэриянын карамагынан чыгарылды


Бишкек шаары. Борбордук Ала-Тоо аянты. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкы башкармалыгы кайрадан өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына өттү.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен өкмөттүн 2015-жылдын 1-июлундагы аталган мекемени "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылып, күчүн жоготту. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG