Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Бишкекте “Ачык өкмөт” инсталляциясы ачылды


“Ачык өкмөт” инсталляциясы.
“Ачык өкмөт” инсталляциясы.

Бишкектеги Өкмөт үйүндө бүгүн, 23-октябрда “Ачык өкмөт” инсталляциясы орнотулду. Аны ачып жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инсталляция өкмөттүн ачык ишин, коррупцияга каршы күрөштү чагылдыра турганын билдирди.

Инсталляциядан кийин "Ачык өкмөт" программасына байланыштуу эл аралык уюмдардын катышуусунда жыйын өттү. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү аны ишке ашырууга техникалык жактан жардамдашууга даяр экенин билдиришти.

“Ачык өкмөт” программасынын негизинде бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук системага өтөөрү айтылды.

Кыргызстан “Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") уюмуна былтыр ноябрь айында кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген.

"Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership", OGP) - 2011-жылы негизделген эл аралык уюм. Ал мамлекеттик башкарууда ачык-айкындык, жарандык көзөмөл болушун көздөйт. Уюмду сегиз мамлекет - АКШ, Улуу Британия, Бразилия, Норвегия, Индонезия, Мексика, Филиппин жана Түштүк Африка түптөгөн. (GT/NT)

XS
SM
MD
LG