Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:09

98 уйгурдан табылган кыргыз паспорту боюнча төрт кишиге айып коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Стамбул шаарында уйгур улутундагы кытайлык 98 жарандан табылган Кыргызстандын паспорту боюнча төрт кишиге айып коюлду. Мындай маалымат Башкы прокуратуранын жасалма паспорттор жана документтердин мыйзамсыз берилиши боюнча чуулгандуу иштерди иликтөөнүн жүрүшү тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна берген жообунда айтылды.

Маалыматка караганда, тергөөдө эки кыргыз жараны кытай жараны менен сүйлөшүп, кыргызстандыктарды умрага арзан алып барып келүү тууралуу жарыя беришкен. Натыйжада алар 98 жарандын паспортун чогултуп, виза ачылган соң ар кандай шылтоолорду айтып, документтерди кайра ээлерине кайтарып беришкен.

Андан кийин топтолгон маалыматтардын негизинде жасалма 98 паспорт даярдалып, ага мурда алынган визалар чапталып, Түркияга жиберилген. Окуяга байланыштуу эки кыргызстандык жана бир кытайлык жаран кармалып, камакка алынган. Дагы бир кыргызстандыкка издөө жарыяланган. Бирок кайсы жерде экени белгисиз болгондуктан, анын жазык иши токтотулган.

2016-жылдын 18-майында Стамбул шаарынын аэропортунан Түркиянын укук коргоо органдары уйгур улутундагы кытайлык 98 жаранды Кыргызстандын жасалма паспорту менен Сауд Арабиясына умрага жөнөп жатканда кармаган. Ошол эле жылдын 24-майында Ички иштер министрлиги бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-221-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон. 98 паспорттун чыныгы ээлери Ош облусунун тургундары экени аныкталган. Ишти тергөө УКМКнын Ош аймактык башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жүктөлгөн.

Коомчулукта Кыргызстандын укук коргоо органдарына карата "Стамбулда табылган паспортторго байланышкан ишти иликтөө аягына чыккан жок" деген сын да айтылган. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG