Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Трамп: АКШнын ракеталык келишимден чыгышы Кытайга да байланыштуу


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Дональд Трамптын Орусия менен "кансыз согуш" доорунда кол коюлган өзөктүк келишимден чыгуу тууралуу чечими Москва ал келишимдин шарттарын бузганына эле эмес, Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканына да байланыштуу. Бул тууралуу АКШнын президенти 22-октябрдагы сөзүндө билдирди.

Ушундай эле ойду бүгүн орусиялык “Коммерсант” басылмасында жарыяланган интервьюсунда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон да айтты. Анын айтымында, АКШ келишимден Орусия аны бузганына, ошондой эле бөлөк мамлекеттер, анын ичинде Кытай, Иран, Түндүк Корея 1987-жылкы макулдашууда тыюу салынган куралдарды эркин жасай алганына байланыштуу чыккысы келет. АКШ Орусияны бул келишимди бузуп жатканы үчүн 2014-жылдан бери ачык айыптап келген.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон.

Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. Кытай бул келишимге кирген эмес.

Президент Дональд Трамп анын өлкөсү “кансыз согуш” доорундагы бул келишимден чыга турганын 20-октябрда жарыялаган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны сынга алып, аны глобалдык стратегиялык тең салмактуулукка тиешеси бар маселеге “аяр” мамиле кылууга чакырды.

1987-жылкы келишимдин тагдыры Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө талкууланып жатат. Ал бүгүн орус президенти Владимир Путин менен кездешет. (UE)

XS
SM
MD
LG