Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Эрдоган: Хашогжини өлтүрүү күн мурунтан пландалган


Президент Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги АК партиянын парламенттеги жыйынында. 23-октябрь, 2018-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги АК партиянын парламенттеги жыйынында. 23-октябрь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн бул тууралуу АК партиянын парламенттеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, саудиялык журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүү "күн мурунтан" пландалган, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташкан.

Түрк президенти кошумчалагандай, саудиялыктардын он беш адамдан турган тобу консулдукка журналист өлтүрүлгөнү күнү кирген жана үчөө Стамбулдагы Белград токоюн чалгындоого барган.

Жумалап созулган карама-каршылыктуу маалыматтардан кийин Саудиянын бийлиги өткөн аптада журналист консулдуктун ичиндеги “мушташта” өлтүрүлгөнүн билдирген. Кийин бул окуяны “өзүм билемдик” менен жүргүзүлгөн операция катары мүнөздөгөн.

Саудиядагы монархиялык режимди сындап, 2017-жылдан бери АКШда бал калкалап жүргөн Жамал Хашогжи быйыл 2-октябрда өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен.

Эрдоган бүгүнкү сөзүндө Саудиянын бийлиги журналистти өлтүрүүнү пландагандарды даражасына карабай ачыкка чыгарышы керек экенин айтып, күнөөлүүлөрдү Стамбулда соттоого чакырды.

Түрк президенти ошондой эле Хашогжи “жапайы киши өлтүрүүнүн” курмандыгы болгонун да белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG