Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Милиция: Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккандар кармалган жок

Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккандардын нааразылык акциясы. 2-февраль, 2018-жыл.
Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккандардын нааразылык акциясы. 2-февраль, 2018-жыл.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө нааразылык билдирип чыккандарды милиция кармап кеткен жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-октябрда Шамбесай кенин иштетүү үчүн топурак менен сууну иликтеш үчүн адистер барганда 50-60 жергиликтүү тургун ага нааразылык билдирген. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышкан.

Буга чейин айрым колдонуучулар Майдан айылындагы элдин нааразылыгы тартылган сүрөттөр менен видеолорду Интернетке жарыялап, элди милиция кармап кеткенин жазышкан. Дамира Юсупова милиция ызы-чуу кылган элди тартипке чакырууга аракет кылганын, эч ким кармалып, камалбаганын кабарлады:

- Эл "топуракты бербейбиз" деп ызы-чуу салганда милиционерлер тартипти жөнгө салышкан. Ал жерге Үч-Коргон айылдык милиция кызматкерлери барып, тартипти көзөмөлдөп турушкан. Саат 13.30дарда чогулгандар тарап кетишкен.

"Экология бузулат" деген негизде Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү элдин нааразылыгы көптөн бери токтобой келе жатат.

Шамбесайда болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган. (NT)

XS
SM
MD
LG