Дүйшөмбү шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайында башталган сот жараяны жабык өтүп жатат.
Быйыл июль айынын соңунда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал менен кол салганын билдирген. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Бирок тажик бийлиги муну четке кагып, кол салуу үчүн азыр өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу" партиясынын жактоочуларын күнөөлөгөн. Бул партиянын жетекчилиги болсо тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган.
Учурда бул кылмыш иш боюнча 17 киши соттолууда. Арасында кол салгандардын ичинен тирүү калган бирөө гана бар. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталып жатат. (EZK/UE)